ВИДЕО-Казакстандын Ички иштер министрлиги берген маалымат чындыкка дал келбей калды

Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалган адам Закир Юбуров эмес. Бул боюнча толук маалымат алуу үчүн анын байкеси Тахир Юбуровго байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдирди.
«Видеодогу адам менин иним эмес. Ал Алматыда идиш сатып иштейт. Ал жакка эки ай мурда учуп кеткен. Акыркы жолу үч-төрт күн мурда байланышкам. Закир үйгө кайтам деп жүргөн. Андан кийин ал кармалгандыгы жөнүндө билдирүү келген. Эмне себеп менен кармалгандыгы белгисиз. Бирок видеодогу адам менин иним эмес.
Мен сиздерге сүрөтүн дагы берем«,-деди ал.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.