Ташиев: коңшу өлкө биздин жаранды терроризмге айыптап жатса жөн отурбайбыз

Биз Викрам Рузахунов террорист эмес экенин анык билебиз, ал мындай кылмышка айыпталып жоопко тартылбашы керек. Бул туурасында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Учурда Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына бир нече адам музыкант Викрам Рузахуновдун Алматыда кармалганы боюнча нааразычылык акциясын өткөрүүдө. Алар чогулган жерге Ташиев барган.
«Викрам Рузахунов террорист катары жоопко тартылбашы керек. Бул боюнча атайын кызмат жана ТИМ иш алып барууда. Биз казак кесиптештерибиз менен да байланышып, маалымат бердик. Коомчулук билиш үчүн ал маалыматты сиздерге да жеткирип коёюн деп келдим. Коңшу өлкө биздин жаранды терроризмге айыптап жатканда жөн отурбайбыз. Эгер керек болсо, биз биргеликте иликтөө жүргүзүүгө даярбыз. Тергөө тобун, адистерди жиберип жараныбызды бүт жактан коргойбуз. Рузахунов мурда бир дагы башаламандыктарга аралашпаганын аныктадык. Кокусунан ал террорист болуп калбайт», — деди Ташиев.
Ошондой эле ал Казакстандын мамлекеттик телеканалдары туура эмес маалымат таратып жатканын, атайын кызматтар иликтөөнүн риторикасын өзгөртүшү керектигин белгиледи.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.