Музыкантты террорист кылган туурабы? Айтканымды боордош элим угабы….

Жаңы 2022-жыл башталган күндөн тарта боордош казак элибиз өлкөсүндө болуп жаткан кыйноолорго каршы чыгып, акыры жүрүп бир жарылып, митингке чыга башташты. Мындай кадамга баруунун бирден-бир себеби суютулган газдын кымбатташы. Мындан тышкары да канчалаган азык-түлүктүн кымбаттап кетишине карапайым калкы чыдабай калды.  Нааразычылык акциялары Казакстандын ар бир шаарында уланып, акыры казак элинин президенти Токаев өкмөтүн отставкага кетирди. 

30жылдан ашык казак элин башкарып келе жаткан Назарбаевдин кетишин талап кылган эл, анын тирүү туруп тургузуп койгон айкелин кулатышты

Токаев суютулган газдын баасын түшүрсө да, нааразы болгон элди эч нерсе токтото алган жок. Акыры мындай көтөрүлүштөр уланып отуруп атышууга алып келди. 

Казакстандын мурдагы борбору болгон Алматы шаарында кадимкидей эл менен күч түзүмдөрүнүн ортосунда атышуу болуп, кан төгүлдү. Бирок муну Токаев террористтердин кылганы деген шылтоо менен куч түзүмдөрүнө эскертүүсүз атууга буйрук берди  жана ЖККУдан жардам сурады.

Ал ортодо казак эли «Биз террорист эмеспиз, биз карапайым калкпыз» деп чыгышты. 

Бир учурда кыргыз элинин башына оор күн келип, кыргыз эли 80 баласынан айрылып турган учурда, колдоо көрсөтмөк тургай, чек арасын жаап алган казак элине кыргыз эли кек сактабай, колун сунуп, чек араны кең ачып, гуманитардык жардам көрсөтүп жатышат. Албетте көрсөтөт. Анткени тууган элиңдин башына иш түшсө таштап койгон кыргыз эли эмеспиз. 

 Биздин жардамга ыраазы болгон боордош элибиз «Кыргыздай пейли кенен калк жок» деп мактап турган учурда жакшы нерсени да туура эмес нукка бурган кызык иш болуп отурат. Белгилүү музыкант,  уйгур улутундагы Кыргызстандык Вихрам Рузакунов аттуу жараныбызды казак Ички иштер министрлиги кармап алып, митингке катышкан, акча алган деп айыптоодо. Бирок видеодон көрүп тургандай, музыкантыбызды сабап койгону анык.

Жакшылап ойлонгон адамга күнүнө 200-300 доллар тапкан музыкант Алматыга бир митинг үчүн 200 доллар алам деп бармак беле… Бул акыл сыйбаган көрүнүш. Ал акча Кыргызстандан Алматыга барып келгенге эле араң  жетсе керек.  Анан ушундай маданияттын адамы, каяктагы бир митингке барат беле… 

Бул иш кыргыз элинин кыжырын келтирип баштаганда казак тарап кармалган адам музыкант эмес деп баштаган. Бирок алардын калпы чыгып, музыканттын байкеси ага жооп кайтарды. 

Буйруса бул ишке кыргыз бийлиги да кийлигишип, тиешелүү жоопту күтүп отурган чагыбыз. Мындай көрүнүш уланып отурса, өз элин «террорист»  деген Токаев кыргыз-казак элинин ынтымагын ажыратып салбаса экен деген коркунуч жаралбай койбойт. Бирок каныбыз, намазыбыз, төкмөлүгүбүз бир болгон боордош элибиз менен болгон мына ушундай сыноолордон улам дагы да бекемдейт деген ишенимде бололу. Ага далил төмөндөгү сүрөттөр болсун..

Автор: Бегимай Керимова

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.