250гө чукул казакстандык жарандын мекенине кайтуусуна жардам көрсөтүлдү

Акыркы бир нече суткада Бишкек мэриясы Казакстандын чет жактардан келе жаткан 247 жаранын тосуп алып, мекенине кайтышына жардам берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
195 казакстандык жаран чет жактан учуп келери менен кыргыз-казак чек арасына жеткирилген. Калганы топ-топ болуп, кыргызстандык ыктыярчылардын жардамы менен кетүүдө.
7-январда Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Казакстандын жарандарына жардам уюштуруу боюнча шаардык штабдын иштөө тартибин бекиткен.
Маалыматка караганда, тиешелүү аракеттер Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги менен макулдашылган

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.