Президент: «Мен да мурда Нуржан Шайлдабекованы жаман көрчүмүн»

Бүгүн, 26-ноябрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы менен Коопсуздук кеңештин жыйыны өтүп жатат.

Ал Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тууралуу пикирин айтты. «Кандай гана маселе болбосун, баары мыйзамдуу каралышы керек. Мыйзамдуу болсо элдин алдында жүзүңүздөр жарык болот. Талаш-тартыш маселе болсо, биз дагы көңүл сыртында калтырган жокпуз. Менин дагы ичим ачышып калып жатат. Шайлоого аттанып, өзүнүн салмагын билсе болмок деп, аттиң ай, деген маселе калып жатат. Бирок сиздер мыйзамдуу чечим чыгарып жатасыздар. Айрымдар БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кетсин деп жазып жатышат. Мен ачыгын айтайын, ушул аял баарын кылып жатат деп мен да Шайлдабекованы жаман көрчүмүн. БШК күнөөлүү деп ойлочумун. Шайлдабековадан суранып, президенттик шайлоону коё туралы дегенбиз, ал болбой шайлоону коюп салды. Айла жок шайлоого бардык. Мен кептин баары Нуржан Шайлдабековадан эмес экенин түшүндүм. Ошондон кийин мен аны жаман көрсөм дагы кайра алып келип бул кызматка койдум», — дейт ал.
https://www.super.kg/kabar/news/387187/

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.