Кунакунов менен Абировго БШК 7500 сом айып пул салды

Борбордук шайлоо комиссиясы №26 Ленин округу боюнча талапкерлер Максат Кунакунов менен Жаныбек Абировго айып пул салды. Бул тууралуу комиссиянын жыйынында айтылды. 

Аталган талапкерлерге карата жамааттык арыз түшкөн. Билдирүүдө Кунакунов менен Абиров үгүт материалдарын мектептин жанына илип коюшканы белгиленген. Буга мыйзам тарабынан тыюу салынат.

Жумушчу топ талапкерлер Кунакунов менен Абировго Бузуулар жөнүндө кодекстин 44-беренесине ылайык айып пул салуу боюнча сунуш киргизди, айыптын суммасы 7,5 миң сомду түзөт. БШК бул чечимди колдоду.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.