Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери, ыплас аракеттин алдын алышкан

2021-жылдын 23-ноябрь күнү болжол менен саат 12:30 чамасында Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө А.Ж. (аты өзгөртүлгөн) аттуу жаран кайрылган. Кайрылуусунда, ал убактылуу жашаган үйүнөн бейтааныш бала тарабынан ага карата ыплас аракети болгондугун кабарлаган.

 ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы билдиргендей, бөлүмдүн нөөмөт бөлүмү арыздаттанууну уккан соң, бөлүмдүн №461 кармоо тобунун чакырып, экипаж улугу милициянын старшинасы Олжобай уулу З., милиционер автоматчик милициянын улук сержанты Табалдиев Б. жана милиционер айдоочу милициянын старшинасы Мусабаев М. жабырлануучу менен окуя болгон жерге териштирүү жүргүзүүгө жөнөткөн. Кыргыз Республикасынын ИИМдин ККнын Ленин райондук күзөт бөлүмүн 2-взводунун №461 кармоо тобунун кызматкерлери жабырлануучу менен окуя болгон жерге барышып кылмышка шектүү катары 1983-ж.т. Р. аттуу жаранды кармашкан. Териштирүү учурунда төмөнкүлөрдү аныкташкан: Жабырлануучунун айтымында “Биз жолдошум экөөбүз үйдүн убактылуу тургундарыбыз, ал эми 2021-жылдын 23-ноябрь күнү жолдошум жумушка кеткен. Убактылуу жашаган үйдө бизден сырткары кошуна бөлмөдө куруучулар жашашат. Бир малда куруучулардын арасынан бейтааныш бала жолдошум жоктугу менен пайдаланып биздин бөлмөгө кирип зордуктоого аракет кылып, жулкулдатып, көпкө кое бербей аттым. Сокку жегениме карабай түртүп качып чыктым ” деп билдирди. Териштирүүлөрдөн кийин Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн кормоо тобу жабырлануучунун жолдошун чакырып, жабырлануучу менен кылмышка шектүү жаранды алып Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнын тергөө кызматына тапшырыпт беришкен.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.