Ысык-Ата районунда милициянын көчмө кабылдамасы менен алдын алуу иш-чаралар улантылууда

2021-жылдын 24-ноябрь күнү Ысык-Ата районунун ИИБдүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдама автоунаасы менен алдын алуу иштерин жүргүзүштү.
Алдын алуу иш-чара учурунда Ысык-Ата районунун бир нече айылдарынын жашоочулары менен жолгушуулар болуп, жарандар тарабынан суроолорго жеринде жооптор берилип, башка мамлекеттик органдарга байланыштуу суроолор өз даректерине жөнөтүлдү.
Жолугушуу учурунда ар түрлүү кылмыштарда алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мал уурулуктарды болтурбоо боюнча тиешелүү көзөмөл кылуу зарылдыгы эскертилды.
Ошондой эле алдыда боло турган Жогорку Кеңештин депуттарын шайлоо учурунда ар кандай мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү жүргүзүлүп, мыйзам бузуулар боюнча жоопкерчиликер эскертилди.
Ошондой эле жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору тарабынан өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларды болтурбоо максатында ата-энелери менен жолугушуулар уюштурулуп, балардарга ар дайым көзөмөл кылуу зарылдыгы айтылды.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.