УКМК: Эсептөө палатасынын аудитору жана инспектору коррупция фактысы боюнча кармалды

Улуттук коопсуздук органдары тарабынан акцияларынын 100%ы мамлекетке тиешелүү болгон «Эйр Кыргызстан» ААКсында өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген коррупциялык фактылар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын айрым кызмат адамдары аталган авиакомпаниянын жетекчилиги менен жең учунан сүйлөшүп алышып, пландуу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекетке 3 160 903 АКШ доллары өлчөмүндө зыян келтирилгендигин атайылап жашырышкан.
Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган күнөөнүн төгүндөлгүс далилдерин эске алып, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору “С.З.” жана инспектору “О.Ж.” Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралды.
Бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча ишке катышкан башка жактарга да юридикалык баа берилип, алардын белгиленген кылмышты жасоого катыштыгы бар экендиги тергөө учурунда далилденмекчи.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.