Темирлан Султанбеков эмне үчүн Ташиев менен жолуккусу келген? УКМКдан жооп

Кыргыз Республикасынын УКМК төмөнкүлөрдү маалымдайт: 2021-жылдын 23-ноябрында «Социал-Демократ» партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Темирлан Султанбеков, КР УКМК төрагасынын кабылдамасына КР УКМКнын төрагасы менен жеке жолугушуу өтүнүчү менен кайрылган.
Ошол эле күнү кечинде (саат 20:00дө), УКМК коомдук кабылдамасында, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалыматы бар экенин айткан Т.Султанбеков менен Кыргыз Республикасынын УКМКнын кызматкери сүйлөшүү жүргүзгөн.
Комитеттин кызматкери, «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ал өлкөнүн жараны катары шайлоо процессинин бузулушунун фактыларын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын УКМКнын төрагасына кайрылууга укуктуу, ага мыйзамда белгиленген мөөнөттө текшерүүнүн жыйынтыгы жана көрүлгөн чаралар боюнча негиздүү жооп берилеттиги боюнча маалыматты Т.Султанбековго берген. Ошону менен бирге, Т.Султанбековго атайылап жалган маалымат тараткан боюнча жоопкерчилик бар экендиги эскертилген.
Бирок, Т.Султанбеков расмий кайрылуудан баш тарткан. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча колунда болгон маалыматтардын чоо-жайын жана жагдайларын ачыктоодон баш тартты.
Белгилей кетчү нерсе, шайлоо процессине кийлигишүү жагынан коомдук аң-сезимди ар кандай шылтоолорду жана манипуляцияларды болтурбоо максатында, Шайлоо алдындагы агидация мезгилинде Кыргыз Республикасынын УКМКнын төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди жеке кабыл албайт.
Кыргыз Республикасынын УКМК, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин жана саясий партиялардын административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануусуна жана шайлоо мыйзамдарын бузуусуна жол берилбестигин эскертет.
Шайлоо процессин бузуу фактылары боюнча жарандар КР УКМКга, ИИМге жана БШКга расмий кайрылууга укуктуу.
Ишеним телефондору:
— 626504;
— 660475.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.