Таластагы паркта Айтматовдун чыгармаларындагы каармандар пайда болду

 Талас шаарынын борбордук паркында Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы каармандар пайда болду. Бул тууралуу Талас шаарынын жашыл чарба бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Жылдызов билдирди.

«Бизде Ч.Айтматовдун чыгармаларынын каармандарын жасоо демилгеси болуп, жергиликтүү кеңештен 400 миң сом каражат бөлүнгөн. 16 айкел жасалды. Бул атайын материалдардан кызматкерлер тарабынан жасалып жатат. Талас шаарынын борбордук паркынын бир бурчу курчалып, улуу жазуучунун чыгармаларына арнала турган болду», — деди ал.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.