«Мен сизге ишенем». Талапкер шайлоого баруудан баш тартып, Мелис Жунусовду колдой турганын билдирди

№33 Нарын шайлоо  округунан бир мандаттуу депутаттыкка талапкер өзүнүн талакерлигин алып, ошол эле округдан талапкер болгон Мелис Жунусовду колдой турганын билдирди. 

«Достор!

Негизи эле, аймактарда, жер жерлерде саясат айдыңындабы, спортто, маданият тармагында, дегеле бардык тармактарда өсүп келе жаткан жаштарыбыз көп. Жеке көз карашы, позициясы бар, принциптери күчтүү -инсандан-күчтүү мамлекет , мыйзамдын бийлиги өкүм сүргөн өлкө түптөлөт, өнүгүп-өсөт.
Кечээтен бери, телефон чалуулар, ватсап, ФБдагы жеке куржунумда мен колдой турчу талапкер ким экенине кызыгуулар көп болду. Чындыгында, мен дагы мынча реакция болоорун күткөн эмесмин.😇
Биз — келечектеги жаңыча саясий маданияттын калыптанышын,
Биз — 1 ай боло турчу шайлоо өнөктөштүгүндө, элибизди убайга салып бөлүүнү эмес, бириктирүүнү,
Биз-ынтымакты,
Биз —мурдатан калыптанып калган шайлоо системасын эмес, жаңыланган системаны тандадык!
Биз- 5 күндүк эмес,келечектеги Нарын облусунун, айрыкча кичи мекенибиз Ат-Башынын саясаттагы жаңы багытын тандадык!
Биз-жеке амбициябыздан, элдин мүдөөсү, талабы бийик тураарын белгиледик!
Биз-чыныгы таза тарыхты жаратабыз!
Сиз дагы ЖАҢЫЛАНУУНУ тандайсыз деп терең ишенебиз!
Мен #5 Мелис Жунусовду колдоону чечтим.
Мен сизге ишенем! Ийгилик Мелис мырза!»,-деген ал. 

Жунусов Мелисбек Абдрасуловичтин  каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.А. Абдраевдин тескөөсү менен шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 25-ноябрь, 2021-жыл.

 

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.