Кыргызстандан жылына 12жаштан 17 жашка чейинки кыздар аборт жасатышат

Расмий эмес маалыматтар боюнча Кыргызстанда жыл сайын 20 миңден ашуун аял аборт жасатат. Мунун кесепетинен бери дегенде экөө-үчөө көз жумат. Айрыкча, акыркы 5 жылда 12 жаштан 17 жашка чейинки миңге жакын кыз боюнан алдырган. Бул тууралуу “Марал” радиосу жазып чыкты.

Дарыгерлер бойдон алдыруу аялдын ден соолугуна өтө кооптуу зыян алып келиши мүмкүн экенин эскертишет. Аборттун көп болуусу кыз-келиндер арасында маалыматтын жетишсиздигинен улам болорун айтышат. Ал тургай бойдон түшүрүү үчүн өтө коркунучтуу ыкмаларды колдонгондору да жок эмес.

«Үй-бүлөнү пландаштыруу Кыргыз Альянсы» коомдук бирикмесинин директору Бактыгүл Бозгөрпөева бойдон алдырууга себеп болгон жагдайларды санап өтүү менен бирге ата-энелерге кеңешин берди.

«Болочок эненин денинин сактыгы, кандайдыр бир оорулардын жоктугу, туура тамактануу, зыяндуу адаттардан баш тартуу, жеке тазалыкты сактоо жана сергек жашоо образы кош бойлуу кездеги опурталдуу учурларды болтурбайт. Өкүнүчтүүсү, көпчүлүк аялзатында каалабаган учурда сактануу чаралары, ыкмалары боюнча маалыматы жок. Анан боюна кокустан бүтүп калат. «Билбей калдым» деп кайрылышат. Кээде бойго болтурбоо каражаттарын туура эмес колдонуп алышы мүмкүн. Үчүнчүдөн, зордук-зомбулуктан да бойго бүтүп калышы мүмкүн. Мындай учурларда көпчүлүк кыз-келиндер аборт жасатууга ашыгат. Ата-энелер кыздарын жок дегенде жылына бир жолу акушер-гинекологго көрсөтүп коюп турушу керек. Себеби турмушка чыкканда, көптөгөн маселе жаралышы мүмкүн. Андыктан, дарыгердин көзөмөлүнөн өткөрүп, анан турмушка бергени оң».

Ден соолугуна кам көрүү, эне болууга даярдануу боюнча кыздардын билимин, маалыматын жогорулаткан «Кыздардын эне болуу бактысы» долбоору иштеп келет. Анын алкагында окуучу кыздарга, ата-энелерге, мугалимдерге окутуулар, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Долбоор боюнча «Кыргызстан кыздары» коомдук уюмунун мүчөсү Наргиза Нурдин кененирээк токтолуп өттү.

«Биз айыл аймактагы ата-энелер, аялдар жана кыздар менен иш алып барабыз. Туура эмес түшүнүктөн улам уят деп кайрыла албагандар болушу мүмкүн. Биринчиден, мугалимдерге, ата-энелерге дарыгерлердин жардамы менен окутуулар болот.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.