Кар күрткүсү күтүлөт. 26-ноябрга карата аба-ырайы

Эртең, 26-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы кескин төмөндөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз -3…+2;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7;​

Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…-5;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн 0…5, күндүз 1…6;​

Бишкек шаарында түнкүсүн 1…3, күндүз 0…2 градус болот.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.