Өзү үчүн төлөп, кыздар үчүн төлөөдөн баш тарткан. Ырчы Иса Өмүркуловду милиция алып кетти

Бишкек шаарындагы «Koreana» кафесинде ырчы Иса Өмүркулов акча төлөөдөн баш тартып, артист менен кафенин кызматкерлеринин ортосунда чыр чыкты.

Окуя бүгүн, 24-ноябрда Өмүркулов тамактануучу жайда кыздар менен эс алып отурган.

«Өзү жана кыздар үчүн акча төлөй турганын айткан. Бирок кыздар кеткенден кийин ырчы жалгыз калып, өзү үчүн гана акча төлөп, кыздар үчүн акча төлөөдөн баш тартты», — деп билдиришти кафенин кызматкерлери.

Кафеге милиция чакырылган. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Өмүркуловду милиция бөлүмүнө алып кетишти.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.