Талас шаарында милиция кызматкерлерине саптык кароо өткөрүлдү

Талас облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери арасында саптык кароо өткөрүлдү. Саптык кароого Талас ОИИБнин борборбук аппараты, Талас районунун жана шаарынын ИИБдин, Талас шаардык күзөт кызматынын кызматкерлери кызматтык унаалары менен саптык кароодон өтүштү. Талас ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Марлис Асанов тарабынан кызматкерлердин жумушка даярдыктары, сырткы көрүнүшү, атайын формалары жана өздөрүнө тийиштүү буйруктарынын билиши боюнча кароо жүргүзүлдү. Иш-чаранын башында Марлис Асанов бир катар талаптарды айтып, тапшырмаларды койду. Анда жакында келе жаткан Кыргыз Республикасынын Парламенттик шайлоодо милиция кызматкерлеринин аткара турган иштери менен тааныштырды. Ал маанилүү иш-чарада милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыз кылуу керектигин айтты.
Кызматкерлер тарабынан жарандарга жана айдоочуларга эң жогорку деңгээлдеги сылык мамиле кылуу жана аларга түшүндүрүү иштери сапаттуу болуусуна көңүл бурулуусу зарыл экендигин белгиледи. Жалпы кызматкерлерге кылмыштардын алдын алуу максатында тынымсыз иш алып баруу боюнча тапшырмалар берилип, кызматтык унаалар каралып, кемчиликтерди жоюу боюнча талаптар коюлду. Дал ушундай саптык кароо Кара-Буура РИИБде өткөрүлүп, начальниги милициянын полковниги Калманбетов Майрамбек тарабынан жүргүзүлдү.

Читайте также: