Шевченко президентке ыраазычылыгын билдирди

UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко президент Садыр Жапаровго жолугушууда берген белектери үчүн социалдык тармактагы баракчасына ыраазычылык билдирип жазды: 

«Урматтуу Садыр Нургожоевич, сонун белектериңиз үчүн рахмат. Шырдак бул улуттук колго жасалган килем, бул кыял эле. Жаа биздин усталарыбыздын кооз жана керкөм эмгеги. Аларга чоң таазим», — деп жазган Шевченко.

Эске салсак, Валентина Шевченко Садыр Жапаров менен 22-ноябрда жолуккан. Жолугушууда өлкө башчы мушкер айымга 1 миллион сомдун сертификатын, апасы Елена Шевченкого шырдак, машыктыруучусуна жаа белекке берген.

Читайте также: