«Мешок» интернет-аукционунда 10 сомдук купюра өзүнөн 830 эсе кымбат сатылууда

Россиянын «Мешок» интернет-аукционуна 1997-жылы чыгарылган 10 сомдук купюра коюлду.

Анын баштапкы баасы — 6,3 миң рубль (8,3 миң сомдон өйдө).

Бул банкнота BH 0000000 сериясына тиешелүү. Sputnik агенттигине Улуттук банктан билдиргендей, серия номери жети нөлдөн турган купюра «Үлгү» деген мөөрү болбосо дагы төлөө каражатына кирбейт.

Аукциондо өзүнөн 400 эсе кымбат эски кыргыз банкнотасы дагы сатылууда. Бирок ал аукционго башка себеп менен коюлганы айтылды.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.