Кыргызстанда чакан ГЭС документациясын иштеп чыгууга сынак жарыяланды

Долбоордук-сметалык документацияны иштеп чыгуунун болжолдуу акысы 106,1 миллион сомду түзөөрү айтылды.

«Чакан ГЭС» ачык акционердик коому Киров суу сактагычындагы «Бала-Саруу» чакан гидроэлектростанциясынын долбоордук-сметалык документациясын иштеп чыгуу үчүн сынак жарыялады.
Арыз 2021-жылдын 10-декабрына чейин кабыл алынары айтылды.
«Аткаруучу долбоорлоо боюнча ишти келишимге кол коюлгандан тарта календардык 150 күндүн ичинде бүтүрүшү керек. Долбоордук-сметалык документацияны иштеп чыгуунун болжолдуу акысы 106,1 миллион сомду түзөт«, — деп жазылат маалыматта.
Компания курулуш болгон жерге президент Садыр Жапаров капсула салганын белгилеген.

«Учурда гидроэлектростанцияга жабдуу тандоо иштери жүрүп жатат. Белгилей кетсек, долбоор жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генераторлуу ГЭСтин курулушун ичине камтыйт. Ал бир жылда орточо 92 миллион кВт/саат электр энергиясын өндүрөт, — деп жазылат маалыматта.
Долбоорду мамлекеттик «Чакан ГЭС» энергокомпаниясы Энергетика министрлиги жана Улуттук энергохолдинг менен бирге ишке ашыра турганы кошумчаланды.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.