Бишкекте 15 жаштагы кыз көз жарды

tiny foot of newborn baby close up

Бишкекте 15 жаштагы кыз көз жарды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Раиса Асылбашовага таянып Супер кж сайты жазды. 

Анын айтымына караганда, 15 жаштагы кыз Кыргыз жараны эмес, тагыраагы ал Өзбекстандын Наманган облусуна каттоодо турат.

«15 жаштагы кыз Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт үйүндө операция жолу менен көз жарды. Бизге 16-ноябрда келип түшкөн.

Учурда эне менен баланын абалы жакшы. Кыз Кыргыз жараны эмес, тактап айтканда Өзбекстандын Наманган облусунда каттоодо турат«, — деп билдирди Асылбашова.

Мындан тышкары ал учурда укук коргоо органдары иликтөө иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.