Тогуз айда өлкө экономикасынын  финансы тармагы  46 млрд. сомдук киреше тапты

 Акыркы тогуз айда өлкө экономикасынын финансы секторунун бардык субъектилеринде өсүш болду.

 Улуттук статистика комитетинин маалымдагандай, 2021-жылдын январь-сентябрь айларында аталган сектордо 609 мекеме, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 312 күрөөкана, 153 микрокредиттик уюмдар, 105 кредиттик бирикмелер, 14 камсыздандыруучу компания жана бир адистештирилген финансылык-кредиттик уюм иш жүргүздү.

«2021-жылдын тогуз айында аталган уюмдар тарабынан 46 миллиард сомго жакын киреше алынды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 11,4 пайызга көп. Мында кирешелердин өсүшүнүн 62 пайызын банк сектору, 17 пайыздан ашыгын микрокредиттик уюмдар жана 14 пайызын ломбарддар камсыздады«, — деп айтылат маалыматта.

Ушул эле мезгилде финансы секторунун уюмдарынын чыгымдары 6,7 пайызга көбөйүп, 31 миллиард сомду түздү.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.