Болгариядагы жол кырсыгынан 45 адам каза болду. Анын 12си балдар

Болгариянын «БГНЕС» маалымат агенттигинин маалыматына караганда, Болгарияда трассада болгон кырсыктан кеминде 45 киши, анын ичинде 12 бала каза болгон.

Туристтик автобус жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:00 чамасында София — Благоевград унаа жолунун 31-чакырымында кырсыкка учураган. Жол кырсыгынын кесепетинен 52 адам бараткан автобус күйүп кеткен.

Каза болгондордун арасында автобустун айдоочусу да бар. Жети адам, анын ичинде эки аял жана беш эркек аман калган.

Жергиликтүү өрт өчүрүү бөлүмүнүн башчысынын айтымында, өрт кырсыктын кесепетинен келип чыккан. Аман калгандардын баары оор абалда ооруканага жеткирилген.

Окуя болгон жерде ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.