Балыкчыда “Бактылуу балалык кербени” аттуу ачык эшик күнү болуп өттү

2021-жылдын 23-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министрлигинин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Балыкчы шаарында жайгашкан ѳзүнчѳ ротасы Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын “Бактылуу балалык кербени” аталыштагы Буйругунун негизинде Билим Берүү жана Илим министрлиги менен биргеликте 8-11чи класстын окуучулары үчүн ачык эшик күнү болуп ѳттү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. 
Ачык эшиктин жүрүшүндѳ мектеп окуучулары үчүн курал-жарак, көргөзмөсүн уюштуруп, кызматкерлердин күнүмдүк аткарган кызматы жана күжүрмөн даярдык машыгуу кѳнүүгүлѳрү кѳргѳзүдү.
Бул иш-чаранын негизги максаты жашы жете электер арасында укук бузууларды, зордук зомбулуктарды, кылмыштарды алдын алуу ошондой эле келечекте өсүп келе жаткан жаш муундарыбызды Мекенин сүйүп коргоодо, коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун, бейпил жашоосун камсыз кылуу менен бирге кызматкерлерибизди күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларын аткарууда көргөзгөн эрдиктерин, натыйжаларын, муундан-муунга жеткирүү жана ар бир атуулду патриоттуулука тарбиялоо.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.