Валентина Шевченко Кыргызстанда канча убакыт болоорун айтты

UFC`нин чемпиону Валентина Шевченко өзүнүн туулган жери Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында бүгүн, 22-ноябрь күнү журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүүдө. 

Анда ал Кыргызстанга канча убакытка келдиңиз деген суроого көбүрөөк убакыт жүрүп кетүүгө план койгондугун айтты.

«Көбүрөөк жүрүп кетсемби деп жатам. Балким, 2-3 жума же андан көбүрөөк. 2019-жылы аз убакытка гана келип калгам. Мында болсо көбүрөөк жүргүм келип жатат», — деди Шевченко.

Эске салсак, мушкер кыз  акыркы жолу Кыргыз өлкөсүнө 2019-жылы келген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.