Садыр Жапаров: «Менин душмандарым бийликте гана эмес, карапайым элдин арасында дагы бар»

Президент Садыр Жапаров Ала-Тоо – 3 конушунда жаңы конуштардын тургундары менен жолугушту.

“Менин душмандарым бийликте гана эмес, карапайым элдин арасында дагы бар. Мына көмүр боюнча бир ай какшап сурандык. Бааны түшүргүлө, бир машинеден 10-15 миң сом киреше тапсаңар деле жетет десем, жок миң доллар табыш керек экен. Айла кеткенде өкмөт колго алып, үч миң сомго түшүрүп таштадык эле ишсиз калышты”-деп билдирди.

Президент көмүр казуу мурдагы жылдарга салыштырмалуу кеч башталганын мойнуна алып, ага “Кыргыз көмүр” ишканасында эки жетекчи алмашып, саботаж уюштурулганы себеп болгонун билдирди.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.