Ошто 54 миң 400 сом салынган баштыкты (сумка) кимдер таап, ээсине кайтарды…

 

17-ноябрь күнү эртең менен Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы аялдамада ичинде 54 миң 400 сом салынган баштык (сумка) табылган. Аны Чоң-Алай РИИБдин кызматкери — милициянын кенже лейтенанты, аймактык текскөөчү Шумкар Эсенбаев таап алган. Ал кыска убакыттын ичинде баштыктын ээсин издеп таап, кайтарып берген. Акчанын ээси милиция кызматкерине ыраазычылык билдирген. 

Мындан тышкары, «Ош» эл аралык аэропортунда документтерин жоготуп алган Өзбекстандын жараны Нематилло Абдуллаев да милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

«Достугубуз узак болсун. Мен Ош шаарындагы «Ош» эл аралык аэропортунда документтеримди жоготуп алдым. Аэропорттогу Ош ОИИБдин туристтик взводунун кызматкерлери жарыя берип, документтеримди Кара-Суудан таап, алып келип беришип, мени Кара-Суу районундагы «Достук» бекетине чейин узатып коюшту. Милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирем», — деп билдирүү калтырган Нематилло Абдуллаев.

Булак: Турмуш кж

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.