Ош облусунун аймагында тоннасы 3000 сомдон көмүр сатыла баштады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун тапшырмасына ылайык Ош облусунун райондорунда тоннасы 3000 сомдон көмүр сатыла баштады.
Аталган көмүр Өзгөн районунун 15 жаш айылындагы карьерден алынып келинип, буга чейин Ош облусунун аймагында иштеп жаткан социалдык базаларда сатылат. Көмүрдүн сапаты атайын адистердин текшерүүсүнөн өткөрүлдү.
Урматтуу Ош облусунун тургундары!
Арзан көмүрдү алуу жана даректери тууралуу маалыматтар боюнча Райондук мамлекеттик администрация же Айыл өкмөттөргө кайрылсаныздар болот.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.