Centerra Кумтөргө ээлик кылбай турганын мойнуна алды. Жапаровдун билдирүүсү

Centerra мындай чечимди Онтарио провинциясындагы Баалуу кагаздар боюнча комиссиянын талаптарынан улам кабыл алган.

Centerra Gold Inc. Кумтөр кени мындан кийин аларга таандык эмес экенин моюнга алган чечим кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Кумтөр кенине байланышкан акыркы окуялар боюнча Жапаров билдирүү жасаган.
«Бир нече саат мурда, Канада убактысы боюнча 19-ноябрь жума күнү кечинде, биржалык соода аяктаган соң Centerra Gold Inc. компаниясы Кыргызстандагы Кумтөр кени мындан кийин аларга таандык эмес экенин моюнга алган чечим кабыл алды. Компания өзүнүн баланстык наркынан 926 миллион доллар чийип, Кумтөр кенин көзөмөлдөбөй калганын чагылдырууга аргасыз болгон», — деген Жапаров.
Анын айтымында, Centerra мындай чечимди Онтарио провинциясындагы Баалуу кагаздар боюнча комиссиянын талаптарынан улам кабыл алган.

«Кыргыз өкмөтү башынан эле Centerra Gold Inc компаниясынын менеджментин өлкөнүн экономикасы менен жаратылышына ири чыгым келтиргенин мойнуна алууга чакырган. Эл аралык коомчулук жакын арада инвесторлордун кызыкчылыгын чектебегенибизге көзү жетет деп ойлойбуз», — деген министрлер кабинетинин төрагасы.
Ал министрлер кабинети Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгын коргоону уланта турганын кошумчалаган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.