Хирург Мамбет Мамакеев коронавирустун оор формасына чалдыкты

95 жаштагы хирург Мамбет Мамакеев коронавирустун оор формасына чалдыкты. Бул тууралуу АКИpress агенттигине КММАнын оперативдүү хирургия курсу менен оорукана хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Андрей Сопуев билдирди.

Анын айтымында, Мамакеев 2 ай бою Улуттук хирургиялык борбордун «кызыл зонасында» коронавирустан дарыланган.

«Ал КОВИДдин оор түрү менен ооруган, эки айга жакын дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланган. Ооруканадан чыкканына 15 күн болду, реабилитациядан өтүп жатат. Мамбет Мамакеев Sputnik V вакцинасын биринчилерден болуп алган жана ага дары жардам берди деп ойлойбуз», — деди ал.

Кыргызстанда 23-апрелден тарта Орусиянын Sputnik V вакцинасы менен эмдөө башталды. Көрсөтүлгөн вакцинаны биринчилерден болуп хирург Мамбет Мамакеев алды.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.