19 миң доллар төлөнөт. НАСА 60 күнүн төшөктө жатып өткөрүүгө макул болгон жарандарды издейт

НАСА 60күнүн төшөктө жатып өткөрүүгө макул болгон жарандарды издөөдө. Мындай изилдөө экинчи жолу уюштурулууда. 

Улуттук аэронавтика жана космостук башкармалыгы (NASA) Германиянын космостук агенттиги жана Европа космостук агенттиги менен бирге эки ай төшөктө жатышы керек болгон долбоорго катышуу үчүн 24 аялды табуу үчүн иштеп жатат.

Бул 2021-жылдын март айында,  эркектер менен гана жасалган. Эксперимент Кельн шаарындагы Германиянын аэрокосмостук борборунда өтөт жана аэрокосмостук компаниялар ал үчүн алардын ар бирине 19 миң доллардан төлөшөт.

Бул эксперименттин жардамы менен окумуштуулар кыймылдын өзгөчө режимдери адамдын организмине тийгизген таасири тууралуу, ошондой эле,  алар Марска саякаттан кийин денеге эмне болушу мүмкүн экенин билгиси келет.

NASA жана ESAнын атынан Германиянын Аэрокосмикалык борбору дененин тартылуу күчүнөн тышкаркы өзгөрүшүн изилдеп жатат. Кошумчалай кетсек, жер бетинде төшөктө эс алуу бул абалды туурайт жана биз бул эксперименттин бир бөлүгү болгон адамдарды издеп жатабыз”, — дейт изилдөөчүлөрдүн бири.

«Алар курсак менен жатып тамактанып, көнүгүү жасап, жада калса душка түшүшү керек. Бул алардын денелерин космосто жүргөндөй көнүүгө мажбурлайт «, — деп түшүндүрдү НАСА билдирүүсүндө.

Бул долбоорго катышуу үчүн ыктыярчы 24 жаштан 55 жашка чейинки жана ден соолугу чың болушу керек. Ошондой эле, тамеки тартууга болбойт, немисче сүйлөп, бою 153-190 сантиметрге чейин болушу керек.

Каттоо Германиянын аэрокосмостук борборунун веб-сайты аркылуу жүргүзүлөт жана долбоор тууралуу бардык маалыматты НАСАнын расмий сайтынан тапса болот. Тажрыйба аяктагандан кийин, аялдар катышуу үчүн келишимде көрсөтүлгөн сумманы алышат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.