Журналисттер президентке жана күч түзүмдөрүнүн башчыларына кайрылуу жолдошту

Кыргыз Республикасынын Президентине жана күч структураларынын башчыларына

Кайрылуу кат

Урматтуу Садыр Нуркожоевич, Массалык маалымат каражатында ишмердүүлүк жүргүзгөн 20дан ашуун журналисттер коомчулугу сизге кайрылууну туура көрүп олтурабыз. Себеби, үстүбүздөгү жылдын 23-августунда «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга кол койгонсуз. Ал мыйзамда Эгер бирөө-жарым интернетте башка адам жөнүндө жалган маалымат таратып жатса, анын ар-намысы менен кадыр-баркын коргоого укуктук баа берүүгө жардам бере турганы жазылган. Журналисттер коомчулугу бул мыйзамдын аткарылышы кандай болот деген бүшүркөөдө учурда өз укугун мыйзам менен да коргой албай жаткан кыргыз айымынын арыз муңун сизге жеткирип коюну туура көрдүк.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер айым Рахат Жунушбаеванын айланасында туура эмес, жалган маалыматтарды фейктер таратып жатышат. Кыргыздын айымына, кыргыздын жаранына карата мындай каралоо иштерин активдүү жүргүзүп жаткан адам башка өлкөнүн жараны. Жунушбаева Рахат Түштүк Кореянын жараны Ли Хи Ман аттуу мурунку жолдошунан көп убакыттан бери зомбулук көрүп келген. Рахат Жунушбаева акыр аягында анын үстүнөн кыйноо фактысы боюнча арыз жазып, Ли Хи Мандын үстүнөн кылмыш иши козголуп, учурда иш Бишкек шааардык сотуна жетти.

Буга чейин журналисттер элдин назарын ал ишти карап жаткан прокурорлордун бири – эркек прокурор Ли Хи Мандын күнөөсүн далилдеген ачык фактылар, видеоматериалдар, экспертизанын жыйынтыгы турса дагы, аны күнөөлөөдөн баш тарткан фактыга буруп келген. Бирок, ошол эле ишти карап жаткан аял прокурор кесиптешинин оюна каршы болуп, Ли Хи Манды соттолуусун талап кылган. Мунун баары, сот жана укук коргоо органдарындагы кабыл алуу чечимдери деле гендердик фактордон көз каранды болуп, жабырлануучу тараптын пайдасына чечилбей тургандыгын көрсөтүүдө.

Биз Ли Хи Ман өзүнүн жашы жете элек балдарынын көзүнчө кыргыз кыздары туурасында цензурадан тышкары оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кыргыз аялдарын басмырлап жаткан видеоматериал менен тааныша алдык. Дагы бир видеоматериалдан Ли Хи Ман Рахат Жунушбаеваны тепчиктен түртүп жиберип, кабинеттен сабап жатканын көрүүгө болот.

Бизге дагы маалым болгондой, Ли Хи Ман азыркы күнгө чейин ар түрдүү фейктер менен Рахат Жунушбаеваны “Күйөөңдү башка менен алмаштыргансың, бизнесимди тартып алгансың деген ар кандай далили жок жалган маалыматтарды социалдык тармактарга чыгарып келе жатат. Аны менен катар эле, Ли Хи Ман Рахат Жунушбаеваны азыркы шайлоодогу үгүт иштеринде да жанын койбой такталбаган, жалган маалыматтарды коомчулукка жайылтып жатат. Эмнеге башка өлкөнүн жараны кыргызстандын жаранын өз өлкөсүндө кордоп, коркутуп, заомбулук көрсөтүп, жаманатты кылып жатат. Биздин мыйзамдар буга эч бир чара көрбөй жатканын кандай түшүндүрсө болот. Ли Хи Ман психологдон дарыланганын, психотроптук дарыларды ичкенин сотко айткан. 2015-2018-жылдар аралыгында алардын урушканын уккан жана Рахаттын колунун көгөргөнүн көргөн кошуналары тарабынан милициянын бөлүмүнө бир эмес бир нече ирээт чакырылган. Мунун баары психологиялык жана физикалык жактан зордук-зомбулук болгондуктан КЫЙНОО боюнча кылмыш иши козголушу керек. Бирок, Рахат Жунушбаева 3 жылдан бери бул ишке чекит коюлбай жатканына көз жаш алып, күрөшүп келе жатат. Бүгүн талапкерге карата катуу фейктердин чабулуу жүрүп жатат. Жогорудагы мыйзам иштейби?Кордолгон, зомбулук көрсөн Рахат Жунушбаеваны биздин мыйзамдар коргоп калабы?

Биздин кайрылуубуз Кыргызстандын бардык зомбулук көргөн аялдарын коргоо максатында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөшүп келе жаткан Рахат Жунушбаеванын мисалында демилгеленди.

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, Кореянын жараны Ли Хи Ман мырзанын мурдагы аялы Рахат Жунушбаевага карата жасаган кылмыштык аракеттерине жана видеоматериалдагы улут аралык кастыкты козутуу фактыларына көңүл бөлүүңүздү суранабыз. Айыптуу эмес деп баш тарткан прокурордун жана Ли Хи Мандын ишин актаган, кийин экинчи инстанцияда өкүмдү жокко чыгаргандыгы үчүн Ленин райондук сотунун ишине укуктук жактан баа берүүңүздөрдү талап кылабыз. Чет элдик жарандын мындай мыйзамсыз аракеттеринен кийин аны депортация маселеси каралышы керек. Кыргыздын айымына 15 жылдан бери заомбулук көрсөтүп келген Ли Хи Мандын өздүгүн коопсуздук органдары дыкат текшерип чыгышсын. Ли Хи Ман Кореяда кандай ишмердүүлүк жүргүзгөн деген таризде текшерүүлөр зарыл. Биздин кайрылуубузга реакция болот деген ишенимдебиз.

 

Журналисттер:

1. Элнура Кулуева

2. Назира Бактыбекова

3. Аманбол Бабакулов

4. Назгул Бостонбаева

5. Жыпара Акматова

6. Бактыгүл Мундузова

7. Раиса Дүйшөнбекова

8. Сурат Жылкычиев

9. Жазгүл Ибраева

10. Султан Аманбеков

11. Төлөбүбү Касымалиева

12. Кундуз Исмаилова

13. Бактыгул Култаева

14. Чынайым Кутманалиева

15. Таалайбек уулу Мааданбек

16. Данияр Жаркынбаев

17. Жоодар Бузумов

18. Сымбат Максүтова

19. Карачач Шакирова

20. Базарбай Гапаров

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.