Сокулукта 15 жаштагы Зыйнат Иманказы кызы изделүүдө

Сокулук районунда 2006-жылы туулган Зыйнат Иманказы кызы дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Сокулук РИИБинен билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, Зыйнат Иманказы кызы 14-ноябрда Военно-Антоновкадагы үйүнөн саат 13:00 чамасында чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 155 сантиметр, көзү кара, чачы кара, узун, арык чырай, бети сүйрү, кара тору. Оң колунда шрамы бар.

Кийген кийимдери: жашыл түстөгү кышкы күрмө, ак түстөгү жынсы шым, кара кроссовка.

Милиция изделип жаткан өспүрүм тууралуу маалымат билгендер болсо, төмөнкү номурларга кайрылып коюуну өтүнөт: 0(312) 60-75-67, 0(700) 63-63-00, 0(701) 80-18-03.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.