“Кифоз сколиоз” оорусу менен ооруган 23 жаштагы Гүлзаада кыргыз жардам сурайт

Кыргызстандык 23 жаштагы Кадырбаева Гүлзаадага дарыгерлер “Кифоз сколиоз” (омуртканын каптал четтөөсү менен байланыштуу болушу мүмкүн, анын натыйжасында кифосколиоз пайда болот) диагнозунун оор түрүн коюшкан. Андыктан Гүлзаада өзү менен тең курактуу кыздардыкындай дене-түзүлүштү эңсеп келет. Бирок маселе баягы каражатка барып такалгандыктан, жалпы кыргыз элинен, кайдыгер карабаган жарандардан жардам сурап кайрылды.

Гүлзаада Кадырбаеванын айтымына караганда,  мындан 17 жыл мурун, тагыраагы жаңы окууга барган жылы кокустан тепкичтен кулап кетип, ошол убакыттан бери дартка кабылып кыйынчылыктарды тартып келгенин билдирди.

1 -класста окуп жүргөнүмдө классташ балдар түртүп жөлөп кеткенинен, тепкичтен кулап кеттим. Баары жакшы болчу эч оорубай эле жүрдүм, бирок бир нече күндөн кийин аркам ооруп баштады, белимдин 2 омурткасы сынып кетиптир, анан Воронцовкага жатып даарыландым. Үч айда айда бутум баспай калды,, ичим да ооруп, эч нерсе жебей калганыман. Төшөктө бир жылдай жаттым баса албай, жакын адамдарым жардам беришти басып кеткениме. Азыр жакшы элемин, кудайга шүгүр, оорумда кармабай калган. Өзүмдү этияттап жүрөм, оор нерселерди кылбаганга. Азыр менин бир эле кыялым бар, ушул ооруган кезден баштап, акыркы жолу операция кылдыргым келет аркама, боюмда ошого кичинекей, аркам горб болуп калган , ошону түзөтсөк боюм бир аз дагы узунураак болот эле. Бирок каражат жагынан аябай тыкыз болуп жатат”, -дейт Гүлзаада Карабаева.

Гүлзаада Карабаеванын айтымында операция Түркия мамлекетинде жасалат жана 50000$ АКШ доллары керектелет.

Жардам колун сунгусу келгендер болсо, төмөндөгү маалыматтар менен таанышсаңыздар болот. Балким Гүлзааданын кыялынын ишке ашуусуна сиз себепчи болосуз:

Байланыш номери: 0999 12 10 31

Читайте также: