Кара-Жыгач жаңы конушунда 9 жаштагы өспүрүм асынып алган

Бишкектин Кара-Жыгач жаңы конушунда 9 жаштагы өспүрүм асынып алды. Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, 18-ноябрь күнү Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө өспүрүм суицид жасаганы боюнча маалымат келип түшкөн. Жерине Октябрь РИИБинин ыкчам-тергөө тобу барып, жансыз денеге кароо жүргүзгөндө эч кандай күч колдонуу белгилери аныкталган эмес.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.