“Манастын уулу Семетей” тасмасы 210 млн катталуучусу бар каналга чыгат

Кыргызстанда тартылган “Манастын уулу Семетей” аттуу көркөм тасма дүйнөдөгү эң белгилүү Netflix интернет-каналга чыгат. Бул тууралуу тасманын продюсери жана сценаристи Өмүрзак Төлөбеков билдирди.
Анын айтымына караганда, аталган каналдын 210 миллион катталуучусу бар.

“Биз Netflix интернет-каналы менен кызматташып баштадык. Кыргызстандын тарыхый киносу аларга абдан жакты, айрыкча фильмдеги кармаандардын кийимдерди аларды суктандырды. Эң негизгиси анда дүйнөдөгү эң чоң, сапаттуу жана белгилүү чыгармаларды чыгарууга басым жасалат. Кыргыз киносу дагы ал каналга чыкса биз үчүн чоң сыймык. Алар бизден дагы тарыхый тасмаларды тартууга басым жасоону суранышты”,-дейт Төлөбеков.

Ал Netflix интернет-каналындагы тасмалар дүйнөдөгү көп тилде чыгаарын кошумчалады. Белгилей кетсек, аталган канал кыргыз маданиятын көтөрүүгө өбөлгө болот. Борбор-Азиядагы бир дагы мамалекеттердин тасмалары Netflix каналына чыккан эмес.

Читайте также: