Кыргызстанда өспүрүмдөргө, кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга вакцина алууга уруксат берилди

Кыргызстанда COVID-19’га каршы 16-18 жашка чейинки өспүрүмдөр, кош бойлуу жана бала эмизген аялдар дагы эмделе баштайт. Бул тууралуу 16-ноябрда Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Ведомстводон бул чечим COVID-19га каршы эмдөөдө калктын көп бөлүгүн камтуу максатында кабыл алынганын белгилешти.

Саламаттык сактоо министрлиги эмдөө кампаниясы эпидемиологиялык абалга оң таасирин тийгизип жатканын, бир да шаар же аймак «кызыл аймакка» кирген жок деп белгиледи.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.