Европа электр жарыгысыз калуу коркунучунда турат

Трафигура трансулуттук алмашуу компаниясынын жетекчиси кечээ Европанын электр жарыгысыз калуу коркунучу бар экенин билдирди. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.

Анын айтымында, жаратылыш газынын кескин жетишсиздиги буга алып келиши мүмкүн. Европада жакынкы айларда көгүлтүр отундун запасы түзүлбөй жатат. Кыш суук болсо, аймактын ар кайсы аймактарында массалык түрдө электр энергиясы өчүрүлүшү мүмкүн.
Буга чейин Еврокомиссия Евробиримдикте газдын баасы 2020-жылдын апрелинен 2021-жылдын октябрына чейин 13 эсе жогорулаганын билдирген. Талдоочулар батыштын азыркы саясаты менен чыгым дагы өсө турганын айтышууда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.