Бишкекте кошумча арзан баада көмүр сатуу кампасы ачылды. Дареги

Бишкек шаарынын  Ден Сяопина, 306 дарегинде кошумча көмүр сатуу кампасы ачылды.Бул жерден көмүрдүн бир тоннасын 3000 сомго сатып алууга болот. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы кабарлады. 

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кара-Кеченин көмүрүн арзан баада сатууну уюштуруу боюнча тапшырма келген.

Калк тарабынан көмүр сатып алуу суроо талабы жогору болгондуктан кошумча дагы бир кампа ачылды.

Арзан баада көмүр сатып алууну каалагандар Бишкек шаары, Ден Сяопина, 306 дарегине менен келип сатып алууга болот.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.