Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен эки багытта рейд өткөрүлдү

Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен, Талас облусунун аймагында 2021-жылдын 10-11-ноябрь күндөрү, «Мал ууру» жана «Автоиздөө-Касапчы» аталышындагы рейди өткөрүлдү. Бул тууралуу Талас ОИИБнын басма-сөз кызматы билдирди. 
Рейдтин жүрүшүндө ар бир мал уурулук фактысы боюнча кошумча иш-аракеттер белгиленип, ошондой эле ар бир катталган жол унаа кырсыктарына тиешелүү фактыларын аныктоо, айдап качуу кылмыштарына бөгөт коюу боюнча кошумча иш-аракеттерине тийиштүү тапшырмалар коюлду.
Аталган иш-чаралардын негизинде облус аймагында жайгашкан мал базарлар, мал союлуучу, тери алуучу, эт сатуучу жайлар жана автоунаа оңдоочу, автоунаа тетиктерин сатуучу жайлардын ээлери менен профилактикалык түшүндүрүү иш-чаралар жүргүзүлдү.
Мындан тышкары рейд учурунда мурда болгон аркандай маанидеги 13 кылмыштын бети ачылган. Рейд учурунда 7 факты алдамчылык, 3 уурулук, издөөдө жүргөн 2 жаран кармалган, жол кырсыгы-1 жана жалпысынан 150 автоунаа текшерилип, ЖКККБ тарабынан Кыргыз Республикасынын бузуулар Кодексинин негизинде 50 протокол толтуруп, мас абалында унаа башкарып жүргөн 2 айдоочу аныкталып, автоунаалары айып короого киргизилген.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.