Президенттин атын жамынып. Сузактын акими «Ишеним» партиясынын талапкеринин үстүнөн арыз жазды

Президенттин көзөмөлүндө экени айтылган талап боюнча Сузак районунун акими милицияга кайрылды. Азыр милицияда териштирүү иши башталды. Бул тууралуу Турмуш кж басылмасы аймактык кабарчысына таянып жазды. 

Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров райондук ички иштер бөлүмүнө «Ишеним» партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер Шерзодбек Умарбековдун үстүнөн арыз менен кайрылганын ырастады.

* Умарбеков Шерзодбек Абдурашитович «Ишеним» партиясынын тизмеси боюнча 22-орунда турат. Сузак айылдык кеңешинин депутаты, 1984-жылы 23-июнда туулган.

«Буга чейин бул талапкер президенттин атын атап жатканы боюнча ар кандай сөздөр угулуп жаткан болчу. Өткөн аптанын жума күнү мага WhatsApp аркылуу байланышып, Сузак айыл өкмөтүн башкарып жаткан инисинин бир тал чачы түшпөшү керектинин айтып, талап коюп кирди. Ал сүйлөшүүдө «президенттин көзөмөлүндөгү балдарбыз» дегендиктен милицияга кайрылдым. Өлкө башчы шайлоону таза өткөрүүнү тынымсыз айтып, түшүндүрүп жатат. Эгер ысымын, бирге түшкөн сүрөттөрүн пайдалангандар болсо, катуу чара көрөрүн белгилеп жатат. Муну угуп, билип туруп, башчынын ысымын айтуу туура эмес. Президенттин атын жамынып жатканын ачыктадым. Жөнөкөй мезгил эмес, шайлоо учурунда талапкер болуп жүргөн адам президенттин ысымын айтууда», — деди аким.

Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы — Абдурашидов Бекзад Абдурашидович. 2019-жылдын 30-майына чейин Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук кеңешчиси болуп иштеген.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, 2021-жылдын 13-ноябрь күнү Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Баратбек Сыдыкназаров билдирүү менен Сузак РИИБге кайрылган. Анда 12-ноябрда саат 16:40 чамасында Сузак айылдык кеңешинин депутаты, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин бири телефон чалып, кызматта турган инисине байланыштуу маселе көтөрүп, Кыргыз Республикасынын президентинин атын жамынып, анын бир тал чачы түшсө, түбүнө жете турганын айтканын билдирген.

Бул окуя Сузак РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 355-беренеси (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

* Ал эми ысымы аталган талапкер менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал буга чейин ММКлардын бирине аким менен сүйлөшкөнүн, өлкө башчынын атын атабаганын айткан.

Булак: Турмуш кж

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.