ЖЭБ-2нин жанындагы жашоочулардын жерлери мыйзамдаштырылат

Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2нин жанында пайда болгон конуштун жашоочулары менен жолукту.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, ушул жылдын августунда мамлекет башчысы ЖЭБ-2де болуп, андан соң жергиликтүү тургундар менен жолуккан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ЖЭБ-2нин айланасындагы тилкелерди трансформациялоо, социалдык объекттердин курулушу жана башка көйгөйлөр боюнча маселелер көтөрүлгөн.

Садыр Жапаров билдиргендей, электроэнергия менен көйгөйдү чечүү үчүн ЖЭБ-2 стратегиялык объектисин 2022-жылдын соңу, 2023-жылдын ортосунда ишке киргизүү пландалууда.

Мамлекет башчысы Кыргызстан дарыялардын башында турганына карабай, бүгүнкү күндө коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоого аргасыз болуп жатканын эске салды.
Ал электр энергиянын тартыштыгына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн мамлекет кошумча ЖЭБ жана кичи ГЭСтерди курууну пландап жатканын айтып берди.

Ошондой эле тилкелерди трансформациялоо боюнча президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине тийиштүү тапшырма берди.

«Ушул жуманын аягына чейин Министрлер кабинетинин токтому чыгып, андан кийин энергетиктер башка бардык процедураларды бүтүрүп, андан соң кызыл китептерди чыгаруу башталат», — деди ал.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө ЖЭБ-2нин жанындагы конушту Бишкек шаарынын курамына киргизүү жөнүндө маселени чечүү тапшырылды.

Мамлекет башчысы ЖЭБ-2нин жанында пайда болгон конуштун тилкелерин тараснформациялоо маселеси узак жылдардан бери чечилбей келгенин белгиледи.

«Бул мурунку бийликтин каталары. Аларды акырындык менен чечебиз. Мындай көйгөйлөр жер маселеси боюнча эле эмес, бардык тармактарда бар. Мисалы, министрликтерде, ведомстволордо, аймактарда, тоо-кен өнөр жайларында жана башкаларда», — деди ал.

Аны менен бирге мамлекет башчысы мындан ары жер басып алуу деген түшүнүк болбой турганын баса белгиледи.

«Эгер кимдир бирөө мындайга батынса, аны мыйзамды бузгандыгы үчүн дароо кармашат», — деди ал.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.