Жапаров министрлик жана мекемелердин статс-катчыларын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечимге кол койду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлик жана мекемелердин статс-катчыларын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечимге кол койду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган чечим «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамы күчүнө киргендигине байланыштуу кабыл алынган.

Кызматтан бошотулгандар:

  • Айбек Акмолдоев — Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы;
  • Нурдин Алишеров — Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы;
  • Нуржан Бардинова — Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы;
  • Жылдыз Бопушева — Инвестициялар министрлигинин статс-катчысы;
  • Борубаев Самат — министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;
  • Чынгыз Кененбаев — министрлер кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы;
  • Азамат Мамбетов — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы;
  • Кутман Мамыров — Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;
  • Исламбек Мойдинов — министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын статс-катчысы;
  • Абдисамат Сагымбаев — Санариптик өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы;
  • Бактыбек Секимов — Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин статс-катчысы;
  • Калысбек Шадыханов — Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы;
  • Абдухалык Шамшиев — Юстиция министрлигинин статс-катчысы.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.