Талас облусунда «Юстиция үйүнүн»ачылышы өттү

Талас облусунун Манас районунда «Юстиция үйүнүн»ачылышы болуп өттү. Маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой,  эми аймактык пробация органынын кызматкерлери, мамлекеттик нотариус жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын адвокаттары калкты Талас облусунун, Манас районунун, Покровка айылындагы, Кояшев көчөсүндө (райондук мамлекеттик администрациянын жанында) кабыл алышат.

Белгилей кетсек, 2021-жылы үч «Юстиция үйү» өз эшигин ачты, дагы экөө Жалал-Абад облусунда Таш-Көмүр шаарында жана Ала-Бука айылында жайгашкан.

Мындан тышкары, Ош облусунун Кара-Суу шаарында, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында жана Нарын облусунун Чаек районундагы Чаек айылында дагы үч «Юстиция үйүн» курулууда. Баткен шаарында» Юстиция үйүн» куруу пландалууда.

Бул обьектилердин курулушу өлкөнүн алыскы аймактарынын жашоочуларын зарыл болгон юридикалык жардам менен камсыз кылууга багытталган.

Курулуш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-январындагы № 15-р буйругу (2021-жылга карата: 2021-жылдын 27-январындагы  № 11-р) менен бекитилген 2020-жылдагы республикалык бюджеттен каржылануучу курулуш жана реконструкциялоо объектилеринин Тизмегине ылайык жүргүзүлүүдө.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.