Сузакта иске ууланып каза болгон 4 жаштагы кыз, эгиз балдар жерге берилди

Сузакта иске ууланып мерт болгон бир туугандар — 4 жаштагы эгиздер жана 6 жаштагы кыз бүгүн, 15-ноябрда акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Турмуш кж басылмасы аймактык кабарчысына таянып билдирди. 

Каргаша катталган Кызыл-Сеңир айылынын башчысы Максат Зулпукаров балдардын атасы Россияда эмгектенип жүргөндүктөн, аны күтүп, тажия түштөн кийинкиге коюлганын айтат.

«Чындыгында абдан жаман окуя болду. Бир үйдө балдардын чоң энеси жана чоң атасы жашачу. Ал эми, ошол короонун ичиндеги башка үйдө келин 3 баласы менен жашачу экен. Аба ырайы суук болуп кеткендиктен, мешке от жагып жатышкан. Эртең менен келиндин абысыны алар жаткан бөлмөгө кирсе, келин балдарын кучактаган абалда табылыптыр. Ооруканага жеткирип барган менен, тилекке каршы балдар узап кеткен экен. Ал эми келиндин абалы оор экени айтылууда.

Балдардын атасы жумушсуздуктан улам 2019-жылы август айында Россия Федерациясына иштегени кеткен экен. Кечээ күнү бул суук кабар угузулуп, бүгүн жетип келди. Баарыбыз кайгырып турабыз», — деди айыл башчы М.Зулпукаров.

Мындан сырткары ал мындан 2 жыл мурун да ушул эле айылда жаш келин 2 баласы менен көмүрдүн исине ууланып, каза болгонун кошумчалады.

Ал эми, Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Мелис Баймуратов ушул тапта 23 жаштагы келин жандандыруу бөлүмүндө жатканын, анын абалы турукташып бара жатканын айтат.

«Кечээ, 14-ноябрь күнү саат 10:00 чамасында облустук бейтапкананын ыкчам медициналык жардам көрсөтүү бөлүмүнө 23 жаштагы келин жана анын 6 жаштагы кызы, 4 жаштагы эгиз балдары келген. Келин комага түшкөн абалда келген. Аны дарыгерлер көзөмөлгө алышкан. Ал эми, балдарды балдар жандандыруу бөлүмүнөн текшерүүгө алганда, чарчап калышкан экен. Жансыз денелерди ички иштер кызматкерлерине өткөрүп бергенбиз.

Ал эми, келиндин абалы бүгүн жакшырып, дарыгерлер берген суроолорго жооп берип жатат. Бирок, дарыгерлер балдар тууралуу эч нерсе айтпай, ден соолугун карап жатышат», — деди М. Баймуратов.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.