Сузакта 3 баласы иске ууланып каза болгон келиндин абалы айтылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 3 баласы менен кошо иске ууланган келиндин бүгүнкү күнгө карата абалы айтылды. Анда келин комадан чыкканы маалым болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын директорунун орун басары Арстан Алымбаев билдирди.

«Келин комадан чыгып, өзүнө келип жатат. Абалы туруктуу, жылыш бар», -деди Алымбаев.

Эске салсак, кечээ Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сеңгир айылындагы үйдөн үч баланын сөөгү табылган.
ӨКМдин маалыматы боюнча, трагедия 13-ноябрдан 14-ноябрга караган түнү болуп, анда эне үч баласы менен кошо иске ууланган.

«Көз жумган балдардын улуусу 6 жашта, ал эми андан кичүүлөрү 4 жаштагы эгиз бөбөктөр болгон», — деп айтылат билдирүүдө.

Кичинекейлердин энеси аман калганы, бирок абалы өтө оор экени кошумчаланды. Келин Сузак аймактык ооруканасына жеткирилген.

Читайте также: