Кабулда автобуста жарылуу болду. Каза болгондор бар

Кабулда, Даште-Барчи аймагында автобуста жарылуу болду. Бул тууралуу ТАСС Ирандын Fars маалымат агенттигине таянуу менен билдирди.

Ооганстандын баш калаасында жардыруу болуп, бир адам каза болду. Дагы экөө жарадар болгону такталат. Жардыруунун себептери тууралуу маалымат айтыла элек.

Буга чейин Кабулдагы Сардар Мохаммад Дауд Хан атындагы эң ири аскердик ооруканада эки жардыруу болгон. Анда кеминде 15 киши набыт болгон. 

 

Читайте также: