Бишкекте карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга күзгү балл өткөрүлдү

Бишкек шаардык карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык стационардык мекемесинде күзгү балл болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 
Уюмдун тарбиялануучуларынан жана кызматкерлеринен түзүлгөн командалар күз белектерин жасалгалоодо чеберчилик көрсөтүшүп, бий номерлерин, музыкалык композицияларды, сахналык көрүнүштөрдү көрсөтүштү.
Сынактын катышуучуларына музыкалык колдоо, КР чек ара аскерлеринин ансамбли тарабынан көрсөтүлдү.
Сынактын жеңүүчүлөрү жана катышуучулары сыйлыктарга ээ болушту.
Маалымдама: Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесинде 207 адам жашайт, бул мекеменин бардык тарбиялануучулары акысыз социалдык, медициналык, турмуш-тиричилик кызматтары менен камсыз болуп, кийим-кече, бут кийим жана эң керектүү буюмдар менен толук камсыздалган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.