Бишкекте эгиз балдарга Садыр, Камчыбек деген ысымдар ыйгарылды

Бишкекте эгиз уулдуу болгон ата-эне балдарына Садыр, Камчыбек деген ысым ыйгарышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына алардын кошунасы Айгерим Болот кызы билдирген. 

Анын айтымына караганда, учурда эне менен наристелердин абалы жакшы.

«Эгиз уулдардын салмагы 2 килограмм 700 граммдан. Алар бүгүн, 15-ноябрь күнү саат 08:00 чамасында №4 төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келишти. Эгиздер ата-эненин төртүнчү балдары.

Кошунамдын жакын туугандары кеңешип уулдарына Садыр, Камчыбек деген ат коюшту. Алар түндүк менен түштүктү бириктирген, элине тынчтык орноткон, элге күйгөн уулдардан болсун деп ушул атты тандашыптыр.

Кошунам 10 жылдан бери батирде турат, алар Ысык-Көл облусунун Кожояр деген айылынан болушат», — деди кошунасы.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.