ВИДЕО-АКШ спортчуларына Айсулуу Тыныбекова мастер-класс көрсөттү

Токио-2020″ жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, эки жолку Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова АКШнын Пенсильвания штатында америкалык спортчуларга мастер-класс өткөрдү. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазган.

«Кечээ АКШда күрөш боюнча лидерлик сапаттарды өстүрүүчү «Wrestle like a girl» уюму менен биринчи мастер классымды өткөрдүм. Чынын айтсам, абдан толкундандым, бирок бул сүйкүмдүү кыздар мени жылуу кабыл алып, колдоо көрсөтүштү.

Алардын бийик жыйынтыктарга жетишерине чын дилимден тилектешмин», — деп жазган Тыныбекова.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова АКШга эс алуу жана ошол эле учурда машыгуу үчүн барган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.