20 тонна таштанды чыккан. Бишкекте студенттер ботаникалык бакты тазалоого чыгышты

Кечээ, 14-ноябрда студент-ыктыярчылар Бишкектеги Илимдер академиясына караштуу Э. Гареев атындагы ботаникалык бакты тазалоого чыгышты. Бул тууралуу Sokol.media сайтына уюштуруучулар билдирди.

Ага Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика жана кыргыз европа факультеттеринин, ошондой эле  И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери катышкан. 

Аталган иш-чара Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин телерадиожурналистика кафедрасы тарабынан уюштурулган.  

Ишембиликке 200дөн ашуун студент катышып, 20 тонна таштанды чогултушкан. Аны ташып чыгарууда Бишкек шаарында «Тазалык» кызматы көмөк көрсөткөн.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.